super.kg logo
  Саясат  

Европарламенттин президенти Крымда өткөн референдумду мыйзамсыз деди

 

Европарламенттин президенти Мартин Шульц кечээ, 16-мартта Крымда өткөрүлгөн автономиялык статус боюнча референдумду мыйзамсыз деп айтты. Бул тууралуу Европарламенттин расмий сайтына жарыяланды.

Анда: “Мен референдум өткөнүнө өкүнөм. Анткени ал легитимдүү эмес, мыйзамсыз жана ал кризисти жөнгө салууну оорлотту. Бул шайлоо Украинанын жана эл аралык мыйзамдын ченемине жарабайт”,- деп айтылат.

Анын айтымында, Европалык парламент толугу менен Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдойт. “Крымга орусиялык аскердик күчтүн кирүүсүн жактабайм. Бул эл аралык мыйзамды жана Украинанын суверенитетин бузгандык. Этникалык азчылык үчүн аскердик кыймылдын зарылдыгы деген аргумент көп учурда колдонулчу жана ал кыйратуучу натыйжага алып келет”,- деп кошумчалады Европарламенттин президенти.

Эске салсак, кечээ, 16-мартта Крымда автономиялык статус боюнча шайлоо өткөн. Анда крымдыктардын 95,5 пайызы Орусияга кошулууга добуш беришкен.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: