Жалал-Абад шаарында Нооруз майрамына карата алгачкы сүмөлөк кайнатылып, "Ыр кесе" уюштурулду





Жалал-Абаддын Спутник аймактык башкармалыгында Нооруз майрамын утурлай сүмөлөк кайнатылып, "Ыр кесе" болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган аймактык башкармалык, үйлөрдүн комитеттери, жергиликтүү тургундар катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүп, ар улуттун бийлерин тартуулашты.
Иш-чара мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана кыргыздын каада-салттарын даңазалоо максатында ар бир аймактык башкармалыктарда өтөт.
Мындай иш-чарага мэрия жана шаардык кеңеш тарабынан атайын сыйлыктар каралып, жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

