super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Аксы окуялары, аксылыктардын эрдиги өзгөрүүлөргө жол ачып, ар бирибиздин жүрөгүбүздө атуулдук сезимди ойготту"

 

Алмазбек Атамбаев Аксы окуяларынын 12 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кайрылуунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Каргашалуу Аксы окуясынан бери 12 жыл өттү. 2002-жылдын 17-мартында бийлик элдин талабына, жарандык нааразычылыгына каршы курал колдонуп, ок чыгарган. Натыйжада 6 адам каза тапкан. Көп күндүк саясий ачкачылыктан дагы бир жараныбыз көз жумган.

Каргашалуу окуялар көп үй-бүлөнү кайгыга батырды, жаш балдарды жетим калтырды. Бирок Аксы окуялары, аксылыктардын эрдиги өзгөрүүлөргө жол ачып, ар бирибиздин жүрөгүбүздө атуулдук сезимди ойготту. 2002-жылдын мартындагы окуялар адилетсиздикке жана чыккынчылыкка, мыйзамсыздыкка жана үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы жалпы элдик күрөштүн башатына айланды.

Урматтуу мекендештер!

Аксы окуяларын эстен чыгарбайлы! Чындык, эркиндик жана калыстык үчүн өз жанын аябай күрөшкөн аксылык баатырларыбызды унутуп калбайлы! Алардын "балдарыбыз, неберелерибиз эркин, адилеттүү Кыргызстанда жашайт" деген үмүтүн ишке ашыралы. Ар бир жаранга татыктуу жашоо, бейпил турмуш, балдарыбызга жаркын келечек камсыздаган мамлекет курууга милдеттүүбүз".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: