super.kg logo
  Саясат  

Крымдын премьер-министри “өлкөнүн Орусияга кошулушу боюнча референдум өттү” деп эсептейт

 

Крымдын премьер-министри Сергей Аксенов өлкөнүн (Крымдын) Орусияга кошулушу боюнча референдумду өттү деп эсептейт. Муну Аксенов бүгүн, 17-мартта билдирди. Күндүн жарымына чейин (16-мартта) өлкөнүн ири шаарларында шайлоочулардын 50 пайызы добуш берүүгө келишкен. Референдум өткөрүү боюнча комиссиянын маалыматы боюнча, 14 саатта шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу 54 пайызды түздү.

Ал эми расмий Киев референдумду Конституцияга каршы келгенин жарыялап жана Жогорку Рада Крым парламентин таратуу боюнча чечим кабыл алды. Крым өкмөтү Украинанын жаңы бийлигинин чечимдерин тааныбай турганын билдирүүдө.

Акыркы маалыматтар боюнча, Крымдын Орусияга кошулушуна шайлоочулардын 96 пайызы добуш бергени белгилүү болду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: