super.kg logo

Аксы жана Базар-Коргон райондорунан "хизбутчулар" кармалышты

 

2014-жылдын 12-мартында саат 16:00 чамасында Аксынын Кербен шаарындагы Тынчтык көчөсүндөгү №36-үйдөн "хизбутчулар" кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган даректе 1967-жылы туулган Турдалиева Розанын үйүндө Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну К.Мамбетов, анын жубайы А.Мамбетова жана Кербен шаарынын тургуну С.Ашимов 10 атуулду экстремисттик маанайдагы окууга үгүттөп жаткан жеринен кармалышты. Далил катары алардан 200 даана китеп, 300 даана журнал алынган.

Ошондой эле ушул жылдын 13-март күнү саат 10:00 чамасында Базар-Коргон районунун 1987-жылы туулган А.Парпиев аттуу тургунунун үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, андан «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик маанайдагы  13 даана китеп, 8 даана баракча, 7 даана компакт-диск, 8 даана дептер алынды.

Учурда алынган далил буюмдар экспертизага жиберилип, кармалган жарандардын үстүнөн алдын ала тергөө  амалдары жүргүзүлүүдө.

      






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.03.2014. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа эмне граната тааптырбы болгону китеп дисктен башка эч нерсе айтышпайт
17.03.2014. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алар адамдарды алдашат нес кылып коёт адамды
17.03.2014. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kara_kyrgyz, KARL.MARKS, талкуудан алыстабагыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: