super.kg logo
  Саясат  

Монополияга каршы агенттиктин Бишкек шаардык башкармалыгы коомдук уюмдар менен кызматташууну бекемдөө үчүн кеңешме өткөрдү

 

КР Өкмөтүнүн алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаардык башкармалыгы Керектөөчүлөрдүн укугун коргоонун эл аралык күнүнө карата атайын кеңешме жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу 17-мартта аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Иш-чарага мамлекеттик органдар, шаардагы базар башчылары жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо тармагында иштеп жаткан бир нече коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. 

Кеңешмеде сапаты начар продукциялардын сатылышынан улам керектөөчүлөрдүн укугу бузулган проблемалардын пайда болушу, товарларды маркировкалоо, пайдалануу мөөнөтү өтүп кеткен товарларды сатууга жол бербөө сыяктуу керектөөчүлөрдүн укугуна доо келтире турган бир топ актуалдуу маселелер талкууланды. 

Аталган агенттиктин Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Кумарбек Султангазиевдин айтымында, кеңешменин жыйынтыгында катышуучулар мындан аркы байланыштарды ого бетер чыңдап, тыгыз кызматташып туралы деп макулдашып, биргелешкен атайын чечим кабыл алышты. Жыйында төмөнкү багыттарда иш алып баруу керектиги баса белгиленди:

- Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо багытындагы иш-чаралардын сапатын жакшыртып, натыйжалуу иш алып баруу;

- Керектөөчүлөрдүн кандай укуктары бар экендиги тууралуу катардагы жарандарга атайын семинар сабактарын уюштуруп, мезгил-мезгили менен өткөрүп туруу;

- Монополияны жөнгө салуу органы тарабынан керектөөчүлөрдүн укугун коргоо тармагында эмгектенип жаткан коомдук уюмдарга мамлекеттин колдоосун сездирүү;

- Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо багытындагы китепче, көрсөтмө куралдарды басып чыгаруу;

- Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү мыйзам базасын чыңдоо.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: