super.kg logo
  Саясат  

КСДП фракциясы «Алтын кен» компаниясынын айланасында түзүлгөн кырдаалды өзүнүн келерки жыйынында карайт

 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы 14-март күнү Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаарында кыргыз-кытай биргелешкен «Алтын кен» компаниясынын ишине арналган көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу 17-мартта ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Чыныбай Турсунбеков баш болгон депутаттар тобу, тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кантбек Исаев баштаган жергиликтүү бийлик органдары менен шаар жетекчилиги, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, Орловка шаарынын тургундары, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. 

Жергиликтүү тургундардын айтымында, азыр жалпы райондун калкы, анын ичинде Орловка шаарынын, ага коңшу жайгашкан Чым-Коргон жана Жаңы-Алыш айылдарынын жашоочулары да «Талды-Булак» алтын кенине, аны иштеткен «Алтын кен» компаниясына үмүт артып турушат. Жаштар арасында жумушсуздук күч алып, калк турмушу улам оорлоп барат.  

Ошондой эле жергиликтүү калкты алтын кенин иштетүү кесепетинен экологиялык абалдын бузулуу коркунучу да тынчсыздандырууда. Жашоочулар кендин иштетилүүсүнө каршы эмес экендигин, бирок айлана-чөйрөнүн абалына көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтып, экологиялык экспертизаларды жүргүзүү талабын коюшту. 

КСДП фракциясынын башчысы айтылган пикирлерди жыйынтыктап жатып, депутаттар «Алтын кен» компаниясынын иши менен жеринен таанышканын, бир катар мыйзам талаптары бузулуп жатканына күбө болушканын баса белгиледи. «Компанияда негизинен кыргыз жарандары иштеши керек. Алардын эмгеги социалдык жактан мыйзамдуу коргоого алынууга тийиш. Бизге Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийбеген, улуттук мыйзамдардын негизинде иш жүргүзгүсү келбеген инвесторлордун кереги деле жок”,- деди Чыныбай Турсунбеков. 

Мындан сырткары «Алтын кен» компаниясынын айланасында түзүлгөн кырдаал тереңдеп баратканына биротоло ынанган депутаттар тобу бул маселени фракциянын келерки жыйынында карай тургандыгын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: