Камчыбек Ташиевдин уулу унаасынын айнегин караңгылатып жүргөнү үчүн кармалды

15-мартта Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору Бишкектин Абдрахманов-Иваницин көчөлөрүнүн кесилишинен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиевдин уулун кармап, унаасын айып аянтчасына токтотушту. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов SUPER.KG порталына билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Айтымында, Ташиевдин уулу унаасынын алдынкы айнектерин караңгылатып алганы үчүн кармалды. Ал үйлөнүү тойдун кортежинде бара жаткан.
"Камчыбек Ташиевдин бул уулунун атын билбейм. Бирок бул бала "дөңгөлөктөрдү уурдады" деген шек менен кармалган Тимурлан Ташиев эмес",- дейт Бакыт Сейитов.
Маалыматтарда бул жаран Таймурас Ташиев экени айтылды.
"Бул жигиттин керектүү документтери колунда бар болчу. Бул факты боюнча тиешелүү иш кагаздар топтолуп, Свердлов райондук сотуна тапшырылды",- деди Сейитов.
Камчыбек Ташиевдин уулу айдап жүргөн унаа кармалган
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
10

Кимдир-бирөөгө ат коюп мазактоого тыюу салынат!