Кызыл-Кыя шаарында балдардын 55 пайызы бала бакчага барат
Кызыл-Кыя шаарында 13 орто мектеп бар, аларда болжол менен 11 миңдей окуучу билим алат. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Жалалидин Рахматуллаев билдирди.
Айтымында, быйылкы окуу жылында эки жаңы мектеп ишке берилди. Шаардагы 9 жылдык билим берүүчү орто мектептерде мугалимдер жетиштүү болгону менен, 11 жылдык мектептерде мугалим тартыш.
“Кызыл-Кыя шаарында 4 жогорку окуу жайы, 2 колледж бар. Ошондой шаар аймагында 11 бала бакча бар. Анда 2 миңден ашуун бала тарбияланууда. Муну менен балдардын 55 пайызы бала бакча менен камсыздалды”,- деди Жалалидин Рахматуллаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















