Мамлекеттик кызматкерлер кирешеси боюнча 1-апрелге чейин декларация тапшырышпаса, 2000 сом айып салынат
Мамлекеттик кызматкерлер 2013-жылдагы кирешеси жана мүлкү боюнча 1-апрелге чейин декларация тапшырышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Айтылган мөөнөткө чейин бирдиктүү салык декларациясын төмөнкү жарандар тапшырууга милдеттүү:
1. Жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр);
2. Менчигинде кыймылдуу же кыймылсыз мүлктөрү бар жеке жактар;
3. Юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырышкан дыйкан жана фермер чарбалары;
4. Кирешелерин жана мүлкүн ачыкка чыгаргандар.
“Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат”,- деп билдирет Салык кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















