super.kg logo
  Саясат  

Малайзиянын премьер-министри Наджиб Разак жоголгон Боинг-777 учагын издөөгө Кыргызстандан жардам сурады

 

Бүгүн, 2014-жылдын 17-мартында малайзиялык тараптын демилгеси боюнча КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Малайзиянын премьер-министри Наджиб Разак менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Наджиб Разак Алмазбек Атамбаевге “Малайзия авиалиниялары” авиакомпаниясынын Боинг-777 учагын издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранды. Учактын учуу маршрутун аныктоодо пайдаланылышы мүмкүн болгон маалыматтардын баарын билдирүүнү өтүндү.

Малайзиянын премьер-министринин айтымында, мүмкүн болгон бир вариант боюнча, учактын маршруту Кыргызстан аба мейкиндиги аркылуу өтүшү ыктымал.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан бийлиги малайзиялык тарапка көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Абадан коргонуу күчү малайзиялык кесиптештерине керектүү болгон бардык маалыматтарды берерин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан эли жоголуп, табылбай жаткан Боинг-777 учагынын экипаж мүчөлөрүнүн жана жүргүнчүлөрүнүн туугандары, жакындары менен бирге тынчсызданып жаткандыгын, авиалайнерди издөө жакында жакшы жыйынтыктарды берерине ишенерин белгиледи.

Эске салсак, 8-март күнү Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон. Анда 14 өлкөнүн жарандары болгон. Учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөндө аны менен болгон байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу экрандан анын Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңиздин үстүндө учуп бара жатканы жана артты карай, батышка бурулганы көрүнгөн. 

Буга чейин жоголгон учак Инд океанынан, Тынч океандан, Андаман деңизинен изделген. Учурда жоголгон учакты 25 өлкө издөөдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: