super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Иманалиев Памир кыргыздарынын өкүлү менен Ооган кыргыздарынын турмуш шартын жакшыртуу маселесин талкуулады

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев бүгүн, 17-мартта Памир кыргыздарынын өкүлү Абдумиталип Сражидин уулу менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда Памир кыргыздарынын турмуш шартын жакшыртуу маселелери, аларды Кыргызстанга көчүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышуу болду. 

Ошондой эле Ооган кыргыздарынын Кыргызстанга келүүсүн жөнөкөйлөштүрүү тууралуу Ооганстан менен келишимди түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Азыркы тапта укуктук базанын жоктугунан улам Ооган кыргыздарынын балдары Кыргызстанга окууга келе алышпайт. 

Комитет төрагасы Каныбек Иманалиев бул маселе комитеттин жакынкы жыйындарында тиешелүү ведомстволордун катышуусунда караларын маалымдады. Ал Памирдеги мекендештерге жардам берүү маселелери боюнча Ооганстандын аймагына кирип-чыгууга кеңири мүмкүнчүлүктөрү болгон эл аралык уюмдар менен бирдикте иш алып баруу зарылдыгын кошумчалады. 

А.Сражидин уулу Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров менен дагы жолугушмакчы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: