super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын Ачык чемпиондугу болуп өттү

 

15-16-март күндөрү Бишкек шаарынын Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда пауэрлифтинг боюнча (IPF версиясы, жатып штанга көтөрүү) Кыргызстандын Ачык чемпиондугу болуп өттү.

Мелдешке Кыргызстан, Орусия, Казакстан жана Кытайдан 140 спортчу катышты. Мелдеш “Бир бол” партиясынын колдоосу менен өткөрүлдү.

Чемпиондук жарыш бир нече салмактык категорияда, жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша эркектер жана айымдар арасында болду.

Мелдештин ачылышында “Бир бол” партиясынын өкүлү Мирлан Макушев аталган партия сергек жашоого үгүттөөрүн, пауэрлифтинг, самбо, ат оюндары, күрөш жана бокс федерациялары менен кызматташарын белгиледи. 

Ал эми Бишкек шаардык спорт комитетинин жетекчиси Шейшенкул Бакиров пауэрлифтинг боюнча үч федерация: IPF, WPC, IPC бириккенин айтты. Ал мындай биргелешүү, достук мамиледе иш алып баруу кубантарлык экенин, бул жагдай эл аралык деңгээлде чоң жетишкендиктерге алып келерине ишенерин баса белгиледи.

Кыргызстандын Пауэрлифтинг боюнча федерациясынын (IPF версиясы) президенти Гүлжан Нурлаева: “Бул мелдешке катышкандардын арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар аз эмес. Алар Араб Эмираттарында өтүүчү чемпиондукка даярданышууда. “Бир бол” партиясынын жардамысыз бул турнир өткөрүлмөк эмес”,- деди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.03.2014. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматтар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: