Талила Кулматова: "Кызыл-Кыядагы шахтёрлордун Маданият үйү драмтеатр болот"
Кызыл-Кыядагы шахтёрлордун Маданият үйү драма театры болот. Бул тууралуу 17-мартта Кызыл-Кыя шаарынын маданият бөлүмүнүн башчысы Талила Кулматова билдирди.
“3 жылдан бери аталган Маданият үйүн драмтеатр кылсак деп аракет кылып келебиз. Бул маселе июнь айында чечилип калат деп жатабыз. Эгер ачылып калса, Кызыл-Кыядагы бирден-бир драмтеатр болуп калат. Аны иштетип кетүүгө кадрлар жетиштүү. Ошондой эле шаарга чектеш Кадамжай, Ноокат, Араван райондорунда бир да театр жок. Былтыр 2 миллион сомго чатыры жабылды. Эми ичин оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү пландап жатабыз”,- деди Талила Кулматова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

