super.kg logo

Аба ырайы: 18-мартта өлкөдө күндүз жаан-чачын болушу күтүлбөйт

 

18-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +13°C, түнкүсүн +2°C

Талас облусу. Күндүз +13°C, түнкүсүн +1°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +14°C, түнкүсүн +4°C

Баткен облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн +5°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн +1°C

Нарын облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -6°C

Бишкек шаары. Күндүз +11°C, түнкүсүн +1°C

Эскертүү!

2014-жылдын 17-20-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына, жааган жана күтүлгөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдары), Каракол - Эңилчек (45-90-чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.03.2014. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin 20,21 кун ачык болобу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: