Баткен. Муса Алимбеков: "Марказ айыл аймагында жазгы айдап-себүү иштери башталды"
Марказ айыл аймагында жазгы айдап-себүү иштери башталды. Бул тууралуу 17-мартта айыл башчысы Муса Алимбеков билдирди.
Анын айтымында, быйыл 100 гектар жерге картошка тигилет. Учурда бул боюнча иштер башталды.
“160 гектарга күзгү буудай эгилген. Бир жума аралыгында 270 гектарга жазгы буудай айдоо алдында турабыз. Ошондой эле быйыл биринчи жолу 30 гектар жерге төө буурчак айдалат. Эгер анын түшүмдүүлүгү жакшы болсо, кийинки жылы айдоо аянттарын кеңейтебиз”,- деди айыл башчы.
Айта кетсек, Кадамжай районуна караштуу Марказ айыл аймагы 6 айылдан турат. Анда 13 миңден ашык эл жашайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

