super.kg logo

Абактагы депутат Ахматбек Келдибековдун 31 тарапташына 200-500 сом айып пул салынды

 
Келдибековдун 31 тарапташына 200-500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу 18-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-мартта Жогорку Соттун имаратынын алдына депутат Ахматбек Келдибековдун 40ка жакын тарапташы митингге чыгышкан. Алар колдоруна "Ахматбек Келдибеков - чыныгы мекенчил патриот", "Кыргыз эли акыйкат чечимди күтөт" деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушкан. 
Саат 11:00 чамасында Бишкек ШИИББи менен Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери “Тынчтык митинги жөнүндө” мыйзам тууралуу түшүндүрмө беришкен. Анда митинг жөнүндө 30 күн мурун жазуу түрүндө маалымдама берилиши керектигин айтышкан. Тарапташтардын нааразылык акциясында мыйзамдын бузулгандыгы белгилүү болгон. 
Бирок акцияга чогулгандар укук коргоо органдарынын айткандарын угушкан эмес. Ошондой эле чогулгандар микрофон менен сүйлөп, айланадагы мекемелердин иштөөсүнө тоскоолдук жаратышкан. 
Мындан улам акцияга катышкан 39 адамга (14 аял, 25 эркек) карата административдик материалдар түзүлүп, алардын 31ине 200 сомдон 500 сомго чейин айып пул салынды. Калганына эскертүү берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.03.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыйратышыптыр
18.03.2014. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болбогон жат көрүнуш.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: