Жалал-Абад шаарында Ноорузга карата майрамдык иш-чаралар өтүүдө
Жалал-Абад шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы аймактык башкармалыгында 17-март күнү Нооруз майрамына карата сүмөлөк кайнатылып, "Ыр кесе" сынагы болуп өттү. Аталган аймакта 24 миңден ашык калк жашайт. Иш-чаранын максаты - элди ынтымакка чакырып, сүмөлөк кайнатып, достукту даңазалаган ыр-күүлөрдү аткаруу. Майрамдык салтанатта боз үй тигилип, улуттук тамак-аштар жасалды. Ошондой эле кыргыздын улуттук оюндары ойнотулду. "Ыр кесеге" Жалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаев катышты. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















