"Ахматбек Келдибековду коргоо комитетинин" лидерлеринин бири Керим Сарбашевге УКМК расмий эскертүү берди
17-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Ахматбек Келдибековду коргоо комитетинин" жетекчилеринин бири Керим Сарбашевге расмий эскертүү берди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Сарбашевге эскертүү буга чейин маалымат жыйынында айткан сөзү үчүн берилиптир. Маалымат жыйынында Сарбашев "10 күн ичинде Келдибековду үй камагына чыгарбаса, анда митингге 10 миңдей адам ар бир региондон чыгарылат" деп билдирген экен. Бийлик жаз мезгили келгенин эстен чыгарбашы керек экенин да айткан.
"Мындай коомдук билдирүү өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштырат жана бул нерсе аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз болот",- деп билдирет УКМК.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

