super.kg logo

Бишкекте эки маршруттук такси кагышып, 4 адам жаракат алды

 

Бишкекте эки маршруттук такси кагышып, 4 адам жаракат алды. Кырсык 17-мартта саат 10:00 чамасында Элебесов көчөсүндө катталган. Анын кесепетинен 4 жаран: 27 жаштагы А.Асел, 47 жаштагы С.Канатбек, 31 жаштагы К.Айгүл жана унаалардын биринин айдоочусу жаракат алды. Жол кырсыгына кабылган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү эки маршрутканы  Г.Бердигул жана К.Нурлан башкарганы белгилүү болду. Унаалар атайын унаа токтотуучу жайга жеткирилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: