Талас. Шаардык кеңештин депутаттарынын бешөөсүн аялзаты түздү
Борбордук шайлоо комиссиясынын Талас облусундагы өкүлү Гүлнара Избасарова белгилегендей, Талас шаардык кеңешинде 31 депутат иш алып барат. Партиялар арасында мандаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: "Республика” - 15, КСДП - 5, “Замандаш” - 5, “Ата Мекен” - 4 жана “Ак шумкар” - 2. Депутаттардын 5и аялзаты болсо, 65 пайызы жогорку билимдүү адамдар. Ал эми жаштар 22 пайызды түздү. 27-декабрда депутаттар биринчи сессиясын өткөрүшүп, анда төрага шайланары маалым болду.
Автор: Нургүл Чабдарова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















