super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Аксы районундагы 5 миң гектар аянт сугат жерине айланат

 

Кечээ, 17-мартта өкмөтүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков Аксы районунун активи менен жолугушуу өткөрдү. Ага облус прокурору Кылычбек Токтогулов, ОИИБинин башчысы Жеңишбек Жоробеков жана бир катар жетекчилер, айыл өкмөт башчылары катышышты.

Маалыматка ылайык, алар быйыл бүтө турган Иринжит каналынын курулуш иштери менен таанышып чыгышты. Белгилүү болгондой, узундугу 7,4 чакырымды түзгөн канал ишке берилсе, Аксы районунун 5 миң гектар аянты сугат жерине айланат. Ошондой эле Аксы районунун Кош-Дөбө айылы толук кандуу сугат суусу менен камсыз болору айтылды.

Ал эми Ж.Жээнбеков курулуш иштеринин сапаттуулугуна көңүл буруп, андагы нормаларды бекем сактоону тапшырды. Кийинки иш сапары менен келгенде сапатын текшерүүгө аларын белгиледи. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Жакшылык Стамбеков билдирди.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: