super.kg logo
  Саясат  

Вице-спикер Асия Сасыкбаева: “Парламентте жеке каалоосу мамлекеттик кызыкчылык менен эч дал келбей турган депутаттар бар”

 

“Аймактык бөлүнүүчүлүк, ксенофобия, непотизм калдыктарын эмес, парламентаризм салттарын сактоо биз үчүн кыйла маанилүү”,- дейт Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева. Айтымында, депутаттардын алдында Конституциянын ченемдери менен парламенттик башкаруу усулун натыйжалуу ишке ашыруу боюнча чоң милдет турат. Муну ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

“Парламенттин ишин өтө мактоодон алысмын. Жарандар тарабынан анын дарегине катуу сындар айтылып жатат. Мыйзамдардын сапаты, депутаттардын тартиби, Жогорку Кеңештин сапаттык курамы боюнча дооматтардын жөнү бар. Эч кимге деле жашыруун эмес, жеке каалоосу мамлекеттик кызыкчылык менен эгерим дал келбей турган депутаттар да бар. Мунун баары парламенттин сапаттык курамына барып такалат”,- дейт вице-спикер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: