super.kg logo
  Саясат  

Фурхат Үсөнов ички иштер министринин орун басарлыгынан бошотулуп, ордуна Калыбек Сатыбалдиев дайындалды

 
Калыбек Сатыбалдиев
Фурхат Үсөнов

Фурхат Үсөнов ички иштер министринин орун басарлыгынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Ф.Үсөнов аталган кызматта 2013-жылдын 27-мартынан бери иштеп келген. Премьер-министрдин башка жарлыгы менен Калыбек Сатыбалдиев ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды.

Калыбек Сатыбалдиев буга чейин ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгын, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгын жетектеген.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгын башкарып турган учурда ички иштер министринин мурунку орун басары Болот Абакиров менен чатакташканы белгилүү. Абакировдун төрагалыгы менен өтүп жаткан жыйынды үзгүлтүккө учураткан. Анда Сатыбалдиевди кол алдындагы бир катар кызматкерлери жактап чыгышкан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: