Чүй. Москва районунда "жергиликтүү тургунду зордуктаган соң өлтүрүп, көмүп салган" деген шек менен эки адам кармалды




Чүй облусуна караштуу Москва районунда "жергиликтүү тургунду зордуктаган соң өлтүрүп, короодогу дааратканга көмүп салган" деген шек менен эки адам кармалды.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка ылайык, 11-март күнү милицияга жергиликтүү жашоочу кайрылып, эжеси жоголгондугун айткан. Ал арызында 51 жаштагы тууганы
март айынын башында жумушка кеткен боюнча үйгө кайтып келбегенин жазган.
Белгилүү болгондой, жоголгон
айым эмгек биржасында иштеп акча тапканы аныкталып, анын тааныштары суракка
алынган. Анда акыркы жолу белгисиз адам үйүн актап берүүсүн суранып алып
кеткени маалым болгон.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө айымды алып кеткен
мырзанын өздүгү такталып, аталган райондун Кепер-Арык айылынын тургуну болуп
чыккан. Укук коргоо органдары аны менен
сүйлөшүп, үйүн тинтүүгө алышкан. Сүйлөшүү учурунда милиционерлер ал адамдын
тынчсызданып жатканын байкашкан.
Маалыматта "Калп айтуусунан пайда чыкпаганын түшүнүп, аялды өлтүрүп, көмүп салганын моюнуна
алды. Ошондой эле көмгөн жерди көргөзүп берген. Кылмышка шектүүнүн айтымында, марттын
башында ал 48 жаштагы кошунасы менен эмгек биржасына барган. Үйүн актатуу үчүн
бир айымды жалдашкан. Андан кийин арак ичип, мас абалында күч колдонуп ал аялды
зордукташкан. Жасаган ишинен коркуп, өлтүрүүнү чечишкен. Өлтүрүп, аялды
короодогу дааратканага көмүп салышкан" деп айтылат.
Азыркы тапта кылмышка шектүү деп 36 жаштагы
М.Замар менен 48 жаштагы И.Алибек кармалып, убактылуу кармоочу жайга
жеткирилди.
Жогорудагы факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “адам өлтүрүү”
беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 18-мартта Чүй облустук ички
иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Чүй. Москва районунда жергиликтүү тургунду зордуктап өлтүрдү деген шек менен эки адам кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:38
2025-06-24

Рейтинг:
-2

Omur boiu oturguzsun ushundailardy. Je atyp ele salyshsa oshondo bir az tynch bolot ele...