Асия Сасыкбаева: “7-Апрель окуясындагы балдардын эрдигин эстегенде, өлкө алдындагы жоопкерчилигимди даана сезем”

Кыргызстанда парламенттик системдин орношу менен саясий партиялар активдүү өнүгүү мүмкүнчүлүгүн алды. Муну ЖКнын вице-спикери Асия Сасыкбаева билдирип, парламенттеги кемчиликтер бара-бара жоюла турганын айтты. Депутат 2010-жылдагы 7-Апрель окуясын эскергенин билдирди ЖКнын маалымат кызматы.
“Биз алардын (ред. Апрель окуясынын каармандары) ишенимин актабай коё албайбыз. Балким, башкача туюлар, бирок балдардын жарадар болгон жолдошторун “Тез жардам” унааларына көтөрүп барып салар замат кайрадан октон жалтанбастан Өкмөт үйүн көздөй чабуул жасап жатканы эске түшкөндө, мен өз өлкөмдүн алдындагы жоопкерчилигимди даана сезем”,- дейт депутат. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
2

