Интернетке МАИ кызматкери наристенин көзүнчө атасына зомбулук көрсөткөн видео тарады




Бүгүн, 18-мартта интернетке Жол-кайгуул кызматынын инспектору айдоочуну жерге жыгып турганы тууралуу видеожазуу чыгып, талкууга алынды. Анда инспектор баласынын көзүнчө айдоочуну жыгып алганы тартылган. Жерде, инспектордун алдында жаткан айдоочунун уулу "Сураныч, атама тийбегиле! Атамды кайтарып бергиле!" деп чыркырап ыйлаганы видеодо көрсөтүлөт.
Ахунбаев көчөсүндө болгон окуя тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алдындагы Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы, милициянын майору Тилек Оторов SUPER.KG порталына төмөнкүдөй маалымат берди: “Окуя тууралуу видеону көрүп, азыр иликтеп жатабыз. Инспектордун айтымында, айдоочу тарабынан баш ийбестик болгон. Мындан улам экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Айдоочу прокуратурага арыз жазып, ал жактан да иликтенип жатат”.
кошулду
Баш ийбеген айдоочуну инспектор жерге жыкты
Баш ийбеген айдоочуну инспектор жерге жыкты (толугу менен)

эгер куноолу болсо атасы документтерин алып кетип калса, МАИ лердин артынан айласы жок бармак. Топтошуп алып оздорун бир корсотушуптур МАИ чилер!!!
Alicia, сайттын башка колдонуучусун кемсинткениңиз үчүн 5 күн БАН!
Aida2000, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө жана мазактоого тыюу салынган. 3 күн БАН!
nk.nur_ik, жаргон сөздөргө жана мазактоого жол жок. Билдирүүңүз өчүрүлдү. Эскертүү!
Биринчиден, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип билдирүү жазууга тыюу салынат!
Экинчиден, провокацияга жол берилбейт!