Баткен: Көк-Таш – Тамдык унаа жолуна 200 метрлик тоннель салына турганы айтылды
Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолуна узундугу 200 метр болгон тоннель салынат. Муну аймакта иш сапары менен жүргөн депутат Жусупали Исаев билдирди. Айтымында, жолдун курулушу тоннель салынуучу аскага барып такалган бойдон турат.
Ж.Исаев парламент төрагасынын фондунан Ак-Сай айылында курулуп жаткан спорт-комплекси үчүн 30 миң сом, Көк-Таш айылындагы спорт-комплексине 70 миң сом тапшырганын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.
Депутат Сүлүктү шаарынын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

