super.kg logo

Ош шаарында баш аламан жүргөн коомдук транспортторду иретке келтирүү максатында рейд жүргүзүлдү

 

Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги (ЖТА), Шаардык автотранспорт агенттиги жана Жол-кайгуул кызматы (ЖКК), Шаардык салык кызматы биргеликте 18-март күнү Ош шаарында көчөлөрдөгү баш аламан жүргөн коомдук транспортторду иретке келтирүү боюнча рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элзат Абдраимова билдирди.

Рейддин башкы максаты мыйзамсыз жана аялдама жок жайларга токтогон унаалардын санын кыскартуу. Рейд шаардагы Масалиев, Курманжан датка, Навои көчөлөрүндө, Манас-Ата аймактык кеңешинде жана Ош районундагы унаа көп каттоочу түйүндөрдө жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө уруксат берилбеген жерге токтогон унааларга актылар түзүлүп, айрым айдоочуларга эскертүүлөр берилди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө шаар боюнча жалпысынан 60 маршруттук каттам бар. Мындан ары мындай рейдди жумасына 2 жолу өткөрүү пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.03.2014. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн туура кылат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: