super.kg logo

Ош. Кара-Суу районунда Нооруз майрамына карата 30 боз үй тигилди

 

Кара-Суу районунун Шарк айылдык аймагында 18-март күнү Нооруз майрамы белгиленди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев билдирди. 

Майрамдык иш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов жана Шарк айылдык округунун тургундары катышышты.

Салтанатта Сооронбай Жээнбеков катышуучуларды куттуктап: “Бүгүн көптөн бери күткөн, жадыраган жаз күнүндө жаңылануунун, ак тилектин, аруу ниеттин, ыйман менен ынтымактуулуктун белгиси болгон майрамды белгилеп жатабыз. Ата-бабаларыбыздын нускалуу каада-салттарына бай, кылымдардан кылымдарга уланып келе жаткан улуу Нооруз майрамында ар бириңиздердин үйүңүздөргө тынчтык, бакубатчылык каалайм”,- деди.

Нооруз майрамына карата Шарк айылдык аймагы тарабынан 30 боз үй тигилип, майрам жергиликтүү тургундар даярдаган концерттик программа менен коштолду. 

                     






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: