Табылды Акеров, серепчи: “Парламентте жаңы түзүлө турган коалициялык көпчүлүккө “Ата Мекен”, “Ар-намыс” жана “Ата Журт” фракциялары кириши мүмкүн"

“Жогорку Кеңеште жаңы түзүлө турган коалициялык көпчүлүккө “Ата Мекен”, “Ар-намыс” жана “Ата Журт” фракциялары кирип, КСДП менен “Республика” оппозицияда калышы мүмкүн”,- деп билдирди бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына серепчи Табылды Акеров.
Анын айтымында, КСДП фракциясы президентке жана анын аппаратына көз каранды болгондуктан, парламентте анын туруктуу позициясы жок болгон. Бул “Ар-намыс” жана “Ата Мекенге” жаккан эмес.
Эскерте кетсек, бүгүн “Ата Мекен” фракциясы парламенттеги көпчүлүк коалициянын курамынан чыкты. Муну менен өкмөт автоматтык түрдө отставкага кетет. Президент Алмазбек Атамбаев 3 күндүн ичинде жаңы коалиция түзүү укугун фракциялардын бирине бериши күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
4

