super.kg logo
  Спорт  

“Челси” жана “Реал” командалары УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына чыгышты

 
Самуэль Это`О "Челси"-"Галатасарай" беттешинин 4-мүнөтүндө эсепти ачты.
Үй ээлери күчтүү оюн алып барышты. "Челсинин" лидери Эден Азар "Галатасарйдын" коргоочуларына каршы.
Гари Кэхилл 42-мүнөттө эсеп айырмачылыгын 2 голго жеткирди.
Англия Премьер Лигасында акыркы оюнун уттуруп жиберген лондондук клуб "Галатасарайга" мүмкүнчүлүк калтырган жок.
"Галатасарайдын" чабуулдары жакшы жыйынтык берген жок.
"Челсинин" курамында атактуулукка жеткен Дидье Дрогба күйөрмандарга ыраазычылык билдирип жатат.
"Реал"-"Шальке" беттеши. Криштиану Роналду 21-мүнөттө оюн эсебин ачып, сезондогу 12-голуна кол койду.
"Шалькенин" оюнчуларынан Тим Хоогланд айырмаланып, эсепти теңөөгө үлгүрдү.
Криштиану Роналду оюн эсебин 2:1ге жеткирип, "Реалды" кайрадан алдыга сууруп чыкты.
Икер Касьляс командасын голдон сактап калды.
75-мүнөт. Оюнга чекит койгон голду Альваро Мората киргизди. Бул голго чейин Криштиану Роналду мыкты мүмкүнчүлүктөн пайдалана алган жок.

Кечээ, 18-мартта УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынын жооптук оюндары орун алды. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.

Англиялык “Челси” өз үйүндө түркиялык “Галатасарайды” кабыл алды. Оюн 2:0 эсебинде жыйынтыкталып, лондондук клуб чейрек финалдык жолдомо ээси болду. Бул командалардын ортосундагы алгачкы оюн 1:1 эсебиндеги тең чыгуу менен жыйынтыкталган.

Ал эми Мадрид шаарында өткөн беттеште жергиликтүү “Реал” клубу германиялык “Шальке” менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңишке жетишти. Эсиңизде болсо, бул командалардын ортосундагы алгачкы оюндарда “Реал” конокто “Шалькени” 1:6 эсебинде утуп алган.  

“Челси” (Англия) – “Галатасарай” (Түркия) – 2:0

 Голдор: Самуэль Это'О (4-мүнөттө), Гари Кэхилл (42-мүнөттө).

“Реал” (Мадрид, Испания) – “Шальке” (Германия) – 3:1

Голдор: Криштиану Роналду (21-мүнөттө), Тим Хоогланд (31-мүнөттө), Криштиану Роналду (74-мүнөттө), Альваро Мората (75-мүнөттө). 





УЕФАнын Чемпиондор Лигасы: "Челси" - "Галатасарай"

УЕФАнын Чемпиондор Лигасы: "Реал" - "Шальке"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.03.2014. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы
Медиа-портал
20.03.2014. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мадрид Алгааа...чокуга карай)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: