super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш парламент менен кызматташкан жарандык коомдун уюмдарынын маалымат базасын түзүүдө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин көзөмөл жана өкүлчүлүк функциясын бекемдөө жана коомчулук менен байланышты чыңдоо максатында парламент менен кызматташкан жарандык коомдун уюмдарынын маалымат базасы түзүлүүдө. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалымат базасына Жогорку Кеңеш менен иштөө тажрыйбасы (мыйзам долбоорлоруна адистештирилген экспертизанын түрлөрүнүн бири менен иликтөө жүргүзгөн, парламенттик талкууларга жигердүү катышкан) бар, республиканын төрттөн кем эмес облустарында бөлүмчөлөрү болгон уюмдар киргизилет. Мындан сырткары уюмдар кызматташууну мерчемдеп жаткан Жогорку Кеңештин комитеттери көрсөтүлүшү керек. 

Арыздарды 2014-жылдын 4-апрелине чейин КРнын Жогорку Кеңешинин Илимий-изилдөө борборунун электрондук дарегине жөнөтүү керек. 

Түзүлгөн маалымат базасы арыздардын келгенине жараша КР Жогорку Кеңешинин расмий веб-порталына жайгаштырылып турат.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: