super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү менен жолугушту

 
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесов

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 18-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесов менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууга БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлү Рам Сараванамутту, Эл аралык эмгек уюмунун Кыргызстандагы улуттук өкүлү Болотбек Ороков, ЮНИДОнун Кыргызстандагы Бюро жетекчиси Марат Усупов жана башка жетекчилер катышты.

Тараптар Кыргызстандын 2014-жылы БУУ тутумунда кызматташуу келечегин талкуулашты.

Төрага Кыргызстандын БУУ жана анын институттары менен кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын демократияны бекемдөө, мамлекеттик бийлик органдарын реформалоо, коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы иш натыйжаларынын оң жактарын белгилөө менен ал бул жүрүмдөрдө БУУ тутуму менен дагы башка эл аралык өнөктөштөрдүн да маанилүү роль ойногонун айтты. «Кыргызстан калкы тандап алган парламенттик демократия жолу өлкөдө кыска мезгил аралыгында кандайдыр бир деңгээлде туруктуулукту орнотууга, мамлекеттик бийлик органдарынын коррупцияланган механизмдерден туташ тазалануусун баштоого, стратегиялык документтердин негизинде өлкө келечегин түптөй баштоого мүмкүнчүлүк берди»,- дейт ал.

“Биз өлкөнүн кадыр-баркы өсүп жатканын көрүп жатабыз”,- дейт БУУ программасынын туруктуу өкүлү Аванесов. Ошону менен катар ал Кыргызстан тарабынан көтөрүлгөн бир катар демилгелер урмат-сыйга татырлык экенин жана ал эл аралык коомчулукта жагымдуу кабыл алынып жаткандыгын кошумчалады. “Акыркы жылдарда Кыргызстан парламенттик демократиянын өнүгүү жолунда бара жатат, улуттук кызыкчылыктарды ийгиликтүү коргоп, эл аралык кызматташууларды тереңдетүүгө багытталган демилгелер менен чыгууда”, - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: