Москвалык “Спартак” клубу Валерий Карпинди кызмат ордунан бошотту

Кечээ, 18-мартта орун алган “Спартак” футболдук клубунун Директорлор кеңешинин кезектеги жыйынында клубдун башкы машыктыруучусу Валерий Карпин ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Орусиялык басылмалар бүгүн, 19-мартта кабарлагандай, сезондун аягына чейин башкы машыктыруучунун милдетин Дмитрий Гунько аткармакчы.
Валерий Карпиндин кызмат ордунан бошотулушу команданын ийгиликсиз оюн көрсөтүп жатканы менен байланыштуу. Себеби “Спартак” Орусия Премьер-лигасында акыркы оюнда “Анжи” менен тең ойноп, “Терек” клубуна утулуп калган. Андан тышкары Орусиянын Кубогунун жарым чейрек финалда “Тосного” утулуп калды. “Тосно” Орусиянын 2-Лигасында оюн көрсөтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.