super.kg logo

Бишкекте баңгилер чогулуучу жай табылып, кылмыш иши козголду

 

Бишкекте 18-март күнү активдүү түрдө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген баңгилердин чогулуучу жайы табылды. Борбордогу Омск көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жайгашкан аталган жайды жок кылууга негизделген иш-чараны Ленин РИИБинин баңгизатты айлантууга каршы тобу колго алган. Ыкчам операция жүргүзүү маалында бул үйдө кожоюну менен кошкондо 30-35 жаштардагы 5 эркек киши болгон.  

Тинтүүдө 420 грамм апийим, колдонулган ийнелер, “Димедрол” дарысы табылган. Алар Республикалык наркологиялык борборго текшерүүгө жеткирилген. Экспертиза алардын баңгизатын колдонуп алышкандыгын ачыктаган. Мындан улам баңгижайды уюштурган баш калаанын 33 жаштагы тургуну С.Роман Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камалган. Ал мурда КРнын 97-беренеси (киши өлтүрүү), 168-беренеси (каракчылык) менен соттолгону белгилүү болгон. Жогорудагы иш боюнча Ленин РИИБи тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренеси (баңгизатты колдонуу үчүн жай уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда иликтөө иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 






Баңгизат менен кармалгандар

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
19.03.2014. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бангилер дегенди кандай тушунсо болот кичине тушунуктуу жазасыздарбы
19.03.2014. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akshumkar,
Ал наркоман дегенли тушундурот.
19.03.2014. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коомубуз кайда баратат........?
19.03.2014. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
barsa1984, Коомубуз кыяматты коздой,тозоко баратат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: