14-16-майда өтүүчү “Айыл-агро” көргөзмөсүнө пакистандык ишкерлер катышат
14-16-майда Бишкекте өтүүчү “Айыл-агро” көргөзмөсүнө пакистандык ишкерлер катышат. Бул тууралуу 12-13-мартта Пенджаб провинциясынын Лахор айылына болгон иш сапарында КРнын Пакистан Республикасындагы убактылуу ишеним көрсөткөн өкүлү менен Бүткүл Пакистан Федерациясынын Өнөр жай палатасынын Соода өндүрүү комитетинин жолугушуусунда маалым болгон.
Жолугушууда Кыргызстан тарап инвестиция жана туристтерди тартуу боюнча кеңири маалымат берген. Ири ишканалардын өкүлдөрү катышкан сүйлөшүүдө пакистандык ишкерлер Кыргызстандын мүмкүнчүлүгүн байкаштырып келүүгө делегация жиберерин айтышып, “Айыл-агро” көргөзмөсүнө катышарын билдиришкен. Муну менен катар Лахор-Бишкек авиакаттамын ачуу боюнча сүйлөшүү жүзөгө ашканы маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.