super.kg logo
  Саясат  

Токон Мамытов Памир кыргыздарынын өкүлү Абдимиталип Сыраджин уулу менен жолугушту

 

18-мартта Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов Ооганстандын Кичи жана Чоң Памириндеги кыргыздар тарабынан Кыргызстанга өлкө башчылары менен жолугушууга жиберилген Абдимиталип Сыраджин уулун кабыл алды. 

Жолугушууда Абдимиталип Сыраджин уулу этникалык кыргыздардын кыргыз өкмөтүнө болгон кайрылуусун айтып, Кичи жана Чоң Памирдеги кыргыздардын жакынкы арада Кыргызстанга көчүрүлүүсү боюнча маселени карап берүүсүн суранды. “Азыркы учурда Кичи жана Чоң Памирде 2 миң кыргыз жашайт. Бул орточо эсеп менен 250 түтүн. Биздин жашообуз тышкы дүйнөдөн изоляцияланып өтүүдө. Медициналык жардам көрсөтүлбөйт жана балдар билим алышпайт. Өкмөттүн бизди кабыл алышын жана көчүүгө жардам беришин, Кыргызстандын аймагына жайгаштырышын өтүнүшүүдө. Же Кичи жана Чоң Памирде жашообузду жакшыртууга жардам берип, бизге врач жана мугалимдерди жөнөтүп, Ооганстан өкмөтү менен этникалык кыргыздардын паспорт алуусу боюнча маселелер тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсүн суранабыз”,- деди Абдимиталип Сыраджин уулу. 

Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Памирдеги кыргыздарга жардам бербей турган болсо, анда алар көчүрүү маселеси боюнча Пакистан жана Түркиянын өкмөтүнө кайрылышарын да айтып өттү. 

Токон Мамытов жолугушууда талкууланган маселелер боюнча керектүү чечимдер кабыл алынарын билдирди. “Биз этникалык кыргыздардын маселелерин түшүнөбүз жана аларга жардам берүүгө аракеттенебиз”,- деди ал. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: