super.kg logo

Ысык-Көл. Мамлекеттик сатып алуулардагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду

 

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү боюнча фонддун башкаруу дирекциясында мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам бузуу катталып, облустук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду.

Маалыматка ылайык, 2013-жылдын 26-июнунда дирекция тарабынан Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы көлмөлөрдө балык багуу боюнча тендер өткөрүлгөн. Ошол тендердик документтердин негизинде тендерге 1 миллион 614 миң сом сунуштаган жеке ишкер А.К. жана 1 миллион 600 миң сом билдирме менен «F.» ЖЧКсы катышкан. 

Маалым болгондой, жеке ишкер А.К. аталган тендерге катышпаганы жана керектүү документтерге кол койбогондугу аныкталды. Ошондой эле тендер комиссиясы тарабынан 2013-жылдын 26-июнунда протокол түзүлүп, ошол эле жылдын 2-июлунда сатып алуулар жүргүзүлгөн. Жеңүүчү катары аз суммадагы каражат сунуштаган «F.» ЖЧКсы табылган. 

2014-жылдын 18-мартында облустук прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл аймагын өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясынын жетекчилерине карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмалуулук) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда аталган кылмыш иши боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: