super.kg logo
  Саясат  

Жылдызкан Жолдошева “Текебаев Атамбаевге чыккынчылык кылды” дейт

 

“Ата Мекендин” коалициядан чыгып, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөттү отставкага кетиришин депутат Жылдызкан Жолдошева “президентке карата чыккынчылык” катары мүнөздөп жиберди. “Өлкөдө, дегеле дүйнө жүзүндө абал оор болуп турган чакта Текебаев мындай кылбашы керек эле...” Депутат айым өкмөттү отставкага кетирүүгө негиз болгон иштерге токтолуп отурган жок.

"Ата Журттун" депутаттарынын арасынан Жылдызкан Жолдошева буга чейин бийликти мүмкүн болгон жерден кескин сынга алып келген. Акыркы күндөрү анын позициясы өзгөргөнү байкалууда. Мисалы, мамлекет үчүн абдан маанилүү маселе болгон "Кумтөр" боюнча добуш берген жок. Жакында эле абактагы Ахматбек Келдибековдун абалы тууралуу талкуу болуп жатканда "биздин президент жана Ахматбек Келдибеков сыяктуу өлкөнү бутуна тургузууну каалаган инсандар аз" деп элди жылмайтты. "Депутат айымдын чын эле бийликке карата пикири өзгөрдүбү же Ысык-Көлдө салдырып жаткан эс алуу комплекси боюнча чуулгандуу иштердин чубалып чыга баштаганы аны пикирин өзгөртүүгө аргасыз кылып жатабы?" деген суроо туулат... 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: