super.kg logo
  Саясат  

Каржы министрлиги: Январь-февраль айларында бюджеттин чыгаша бөлүгү 13 миллиард сомго барабар болду

 

2014-жылдын 2 айында республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттарды кошпогондо 13 миллиард 18,3 миллион сомго же планга карата 97,8 пайызга аткарылды. Өткөн жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу каржылоо 12,6 пайыз же 1 миллиард 452,6 миллион сомго өскөн. 

Ички дүң продукциянын көлөмүнө карата чыгашалар 30,8 пайызды түздү. 

2014-жылдын январь-февраль айларына социалдык тармакка республикалык бюджеттен 7 миллиард 758 миллион сом жумшалды. Каржылоо өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,1 миллиард сомго  көбөйгөн. 

Бул багытта жумшалган чыгымдардын 30,9 пайызы же 3 миллиард 607,6 миллион сому социалдык коргоого бөлүнгөн. Аталган сумма өткөн жылга салыштырмалуу 395,3 миллион сомго өскөн. 

Билим берүү тармагына 2 миллиард 433,3 миллион сом, саламаттыкты сактоо тармагына 1 миллиард 506,5 миллион сом, эс алуу, маданият жана динге 210,6 миллион сом бөлүндү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: