super.kg logo

Бишкекте 44 жаштагы мурдагы “смотрящий” кармалып, "пара талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду

 

Бишкекте 44 жаштагы мурдагы “смотрящий” кармалып, "пара талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Маалыматка ылайык, милицияга жеке ишкер К.Ф. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2009-жылдан 2011-жылга чейинки учурда дүңүнөн сатып алуулар боюнча иштеген К.Ренат жана К.Гуля аттуу жарандар азык-түлүк товарларын сатуу шылтоосу менен К.Фнын ишенимине киришкен. 

Андан кийин 650 000 суммадагы товарынын акчасын өздүк кылып алышып, азыркы учурга чейин аны кайтарып беришкен эмес. К.Ф. акчасын кайтарып алуу үчүн К.Ренат жана К.Гуля менен көп жолу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү менен, бул аракет ага майнап алып келген эмес. 

Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши козголгондон кийин жабырлануучуга коркутуп телефон чала башташкан. Чалган адам К.Ренат менен К.Гулянын бул ишке эч кандай тиешеси жок экендигин жана тескерисинче К.Ф. аларга акча карыз экенин айткан да, 534 000 сом талап кылган.

534 000 сомду берип жаткан учурда мурда бир нече жолу соттолгон О.Темирбай кармалган. 44 жаштагы кылмышка шектүүнүн Жалал-Абад облусунда туулуп, азыр Чүй облусундагы Москва районунун Садовое айылында жашап жатканы белгилүү болду. 

Маалым болгондой, кармалган адам 2008-2009-жылдары түзөтүү абактарынын биринде “смотрящий” болгон.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (опузалоо) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө улантылууда. Бул тууралуу 20-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: