super.kg logo
  Саясат  

Алайда жергиликтүү тургундардын демилгеси менен курулуп жаткан бала бакчанын абалы менен Абдыманап Кутушев таанышып чыкты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Абдыманап Кутушев иш сапары менен Ош облусуна караштуу Алай районунда болду. Депутат Чий-Талаа айылында жергиликтүү тургундардын демилгеси менен курулуп жаткан бала бакчанын абалы менен таанышты. 

Аталган айылда бир нече үй-бүлө биригип 20 орундуу бала бакча ачкан. Бардык каражаттарын, тамак-ашын, жадакалса тарбиячылардын эмгек акысын өздөрү чыгарышат. Чечилбей калган көйгөйлөрдүн бири - балдарга керебеттердин жетишсиздиги. Депутат аталган бала бакчага демөөрчүлөрдүн атынан 50 миң сом тапшырып, айыл жергесинде иштетилип жаткан эмерек цехине керебеттерди жасоого буйрутма берүүнү сунуштады. 

“Жергиликтүү цех менен биргеликте иш алып баруудан улам бала бакчанын жетекчилиги бир топ акча үнөмдөйт. Цехте иштеп жаткан айыл тургундары да жумуш оруну менен камсыз болушат”, - деди депутат. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жашоочулардын айтымында, жыл сайын июнь айынан тарта сугат суусу жерге жайылып, айыл тургундарынын талааларына жетпей калат. Маселени чечиш үчүн алар 1 чакырым аралыгында түтүктөрдү орнотуп, сугат суусун тартып келүү зарылдыгын белгилеп, акча каражаттын жетишсиздигинин айынан эл өкүлүнөн жардам сурашты. 

Абдыманап Кутушев айыл жашоочуларына атайын кат аркылуу кайрылууну сунуштоо менен андай аталган көйгөйлөрдүн чечилишине көмөк көрсөтүүгө убада берди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: