super.kg logo
  Саясат  

Мелис Сатыбалдиев Улуттук гвардиянын командири болуп дайындалды

 

Мелис Сатыбалдиев (сүрөттө) мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын командири болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка 2014-жылдын 19-мартында президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Президенттин буйруктарына ылайык, Мирбек Имаев Улуттук гвардиянын командиринин биринчи орун басары – Башкы штабдын жетекчиси, Исламбек Кенжекулов Улуттук гвардиянын командиринин орун басары, Айбек Жумабаев Улуттук гвардиянын командиринин орун басары болуп дайындалды.

Мамлекет башчынын башка буйруктары менен Токтогул Абдыракманов Улуттук гвардиянын командиринин биринчи орун басары - штабдын жетекчилигинен, Шайдылда Үрүстөмбаев Улуттук гвардиянын командиринин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча орун басарлыгынан бошотулду.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: