super.kg logo
  Спорт  

УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына акыркы болуп “Боруссия” менен “Манчестер Юнайтед” чыкты

 
"МЮ"-"Олимпиакос". Робин ван Перси 25-мүнөттө 11 метрлик айып соккусу аркылуу оюн эсебин ачты.
2:0. Кайрадан Робин ван Перси...
52-мүнөт. Айып соккусунда жеңиш голун киргизген Робин ван Персинин кубанычында чек жок. Ал клубду чейрек финалга ушундайча алып чыкты.
"Боруссия"-"Зенит" беттешинде Халк алыс аралыктан тээп, гол киргизди.
"Боруссиянын" капитаны Себастьян Кель оюн эсебин теңеп жатат.
Саламон Рандон "Зенитке" жеңиш алып келген голду 73-мүнөттө киргизди.

Кечээ, 19-мартта орун алган жооптук оюндар менен УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалы аяктап, чейрек финалга акыркылардан болуп германиялык “Боруссия” менен англиялык “Манчестер Юнайтед” чыкты. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет. Чейрек финалга чыккан 8 команда өз ара атаандаштарын 21-мартта орун алган чүчү кулактын негизинде табат. 

Биринчи беттеште 2:0 эсебинде “Олимпиакоско” утулган “Манчестер Юнайтед” жооптук беттеште жогорку деңгээлдеги оюн алып барып, 3:0 эсебинде жеңишке жетишти. Бул жеңиш акыркы сезондо ити чөп жебей жаткан “МЮну” чейрек финалга алып чыкты.

“Манчестер Юнайтед” (Англия) – “Олимпиакос” (Греция) 3:0 (алгачкы беттеш 0:2)

Голдор: Робин ван Перси (25-мүнөт, 45-мүнөт жана 52-мүнөт).  

Дортмунд шаарында өткөн германиялык “Боруссия” менен орусиялык “Зениттин” ортосундагы беттеш күтүүсүз жыйынтык менен аяктады. Биринчи оюнда өз үйүндө 2:4 эсебинде уттуруп жиберген орусиялык клуб конокто 1:2 эсебинде жеңишке жетишти. Бирок гол айырмачылыгынын жыйынтыгында “Боруссия” чейрек финалга чыкты.

“Боруссия” (Германия) – “Зенит” (Орусия) 1:2

Голдор: Халк (16-мүнөт, Кель 38-мүнөт, Рондон 73-мүнөт). 






УЕФАнын Чемпиондор Лигасы: "Борусия" - "Зенит"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: