Бүгүн, 20-мартта Ноорузга карата уюшулган көк бөрү оюну боюнча мелдештин жарым финалдык оюндары болот
Бүгүн, 20-мартта Нооруз майрамына карата уюшулган көк бөрү боюнча мелдештин жарым финалдык беттештери орун алат. Анда “Талас” менен “Бөрүлү”, “Суусамыр” менен “Кабылан” кез келет. Бул тууралуу Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, саат 11:00дө “Талас” менен “Бөрүлү” командаларынын беттешине старт берилет. Бул оюн жыйынтыкталган соң “Суусамыр” жана “Кабылан” командалары финалдык жолдомо үчүн оюн өткөрүшөт.
Кошумчалай кетсек, финалдык беттеш жана 3-орун үчүн оюн 21-мартта болот. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.