super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Нооруз майрамы менен кыргызстандыктарды куттуктады

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-мартта кыргызстандыктарды 21-Март - Нооруз майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо:

“Урматтуу мекендештер! Эзелтен ата-бабаларыбыз Нооруз майрамын чоң үмүт, жакшы тилек, ачык маанай менен тосуп келишкен. Бири-бирине жакшылык, ийгилик, бакыт-таалай каалашкан. Бүгүнкү күндө да Нооруз майрамы элибиздин келечекке болгон үмүтүн арттырып, ар бирибизди, коомубузду, өлкөбүздү жаңыланууга, тазаланууга үндөп турат.

Нооруз менен башталган жазгы жандануу жерибизге ынтымак, биримдик, молчулук алып келсин! Жаратканыбыз Кыргызстанды колдосун!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Байыртан ата-бабаларыбыз жазында күн менен түн теңелип, күн узарып, түн кыскарганын байкаган. Нооруз адамдар үчүн эртеби-кечпи жарык караңгыны, жылуулук суукту, чындык жалганды, жакшылык жамандыкты жеңет деген белгиге айланган. Нооруз - амандыктын, жаңылануунун майрамы. Жаңы жылдын башталышы Кыргызстан үчүн өнүгүүнүн жана ийгиликтин башаты болот деп ишенем!

Кымбаттуу кыргызстандыктар, сиздерди Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бардыгыңыздарга чың ден соолук, ийгилик, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм!"- деп айтылат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: