super.kg logo

Чүйдө унаа уурдоо фактысына шектелип 20 жаштагы Ысык-Көлдүн тургуну кармалды

 

Аламүдүн районунда унаа уурдоого шектелип 20 жаштагы Ысык-Көлдүн тургуну кармалды. Маалыматка ылайык, 19-мартта милицияга 33 жаштагы Лебединовка айылынын тургуну кайрылып, ошол түнү белгисиз адамдар анын Дэу-Лабо үлгүсүндөгү унаасын үйдүн короосунда токтоп турган жеринен уурдап кетишкенин айтып кайрылган. 

Аталган кылмышка шектүү адам кармалып, ал Ысык-Көл облусунун 20 жаштагы тургуну А.Н. экени белгилүү болду. 

Учурда шектүү адам күнөөсүн моюнуна алып, убактылуу кармоочу жайда кармалууда. Уурдалган машина ээсине кайтарылып берилди. Уурдоо фактысы боюнча тергөө жүрүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: