super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Нооруз – тынчтыктын, илгери үмүттүн жана молчулуктун жарчысы!"

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 20-мартта кыргыз элин 21-Март - Нооруз майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо:

"Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Нооруз – тынчтыктын, илгери үмүттүн жана молчулуктун жарчысы. Күн менен түн тогошкон бул күнү ата-бабаларыбыз элди биримдикке үндөп, касташканды жараштырып, достошконго ымала арткан. Жараткандан жалаң жакшылык тилеп, кайгы-капа менен ар кандай жамандыктан алыс болууга ниет түзөгөн. Биз дагы ошол салтты улай Ноорузду асыл ой-максаттар менен тосуп жатабыз.

Быйыл "Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы" деп жарыяланганы бекеринен эмес. Кыргызстандын бүтүндүгүн көздүн карегиндей сактап, келечек муунга экономикасы дүркүрөп өскөн, чыныгы эгемен өлкөнү өткөрүп беришибиз керек. Мындай жоопкерчиликтүү тарыхый милдетти ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн баарыбыз жапа тырмак аракеттенишибиз абзел.

Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, кайра курумдарды жүргүзүү, жолубузду торогон тоскоолдуктарды жеңип чыгуу аркылуу гана өз эгемендүүлүгүбүздү сактай алабыз жана өнүккөн мамлекеттердин алдынкы сабына кошулабыз.

Ар бириңиздерге чың ден соолук, байгер турмуш, бакубат жашоо каалайм. Ар дайым тынчтыктын, өнүгүп-өсүүнүн үстүндө жүрөлү. Кудай буюрса, өлкөбүздүн келечеги кең!"- деп айтылат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: