Германия менен Улуу Британия Орусияга аскердик жабдууларды экспорттоону токтотту
Германия менен Улуу Британиянын өкмөтү Орусияга аскердик жабдууларды экспорттоону токтотту. Маалымат бүгүн, 20-мартта жарыяланды. Германия аскердик тренажёрдук комплекс жиберүүнү токтотсо, Улуу Британия Орусия аймагында снайпердик мылтык, патрон жана учак, тик учактардын айрым тетиктерин чыгаруу ишине тыюу салды. Мындай кадамга Франциянын барышы да күтүлүп жатканы белгилүү болду. Маалыматка таянсак, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин буйрутмасы менен Франция тик учак ташуучу (конуп, учуучу) 2 кеме жасап жаткан.
Батыштык эки өлкөнүн мындай чечими Крымдын тегерегиндеги окуяларга байланыштуу кабыл алынганы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

